Коом

УКМК: Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 Га болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган  Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button