Өлкөдө тамекини экспорттоо жылдан жылга көбөйүүдө

Кыргызстандан тамекини экспорттоо жылдан жылга көбөйдү. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетуү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, «30+20+10» долбоорунун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тамеки өстүргөн дыйкандар менен талаа жолугушуусун өткөрүштү.
Анда негизги көйгөйлөр — жер маселеси, экспортко чыгуучу сорттор, жаңы технологиялар жана өндүрүштүн эффективдүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.
Анализ үчүн топурак үлгүлөрү алынып, сапаттуу өстүрүү боюнча сунуштар даярдалууда.
2024-жылдагы экспорт:
-99,2 тонна тамеки — Греция;
-60,3 тонна — Вьетнам;
-477 тонна калдыктар — Россия.
2025-жылдын 9 айы боюнча:
-288 тонна — Греция;
-187 тонна калдыктар — Россия;
-18 тонна — Казакстан.
Экспорт багыттары кеңейип, ар бир дыйкандын салымы өлкөнүн агрардык келечегин жакындатууда.



