Кадамжайда жайлоого бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм мотоциклден кулап каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайлоого бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм мотоциклден кулап каза болду. Бул факты боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, өспүрүмдүн каза болгону тууралуу маалымат Кадамжай РИИБине 28-май күнү түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, А.А. аттуу өспүрүм мал жаюу үчүн Көк-Жалаң жайлоосуна бара жаткан. Жолдо ал жакында эле сатып алынган Enduro үлгүсүндөгү спорттук мотоциклди башкара албай калып, кулап кеткен.
Оор жаракат алган өспүрүм тез жардам унаасы менен ооруканага бара жаткан учурда каза болгон. Каргашалуу окуя Чаувай жайлоосунда болгон.
Кырсыктын жана өлүмдүн так себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды.
Учурда Кадамжай РИИБинин кызматкерлери окуя боюнча териштирүү иштерин улантууда.



