Коом

УКМК: Талас облусунда токой чарба тармагындагы коррупциялык схемалар аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Талас облусунун токой чарба системасында туруктуу коррупциялык механизмдердин бар экендигин көрсөткөн фактылар аныкталды.

Тактап айтканда, айрым кызмат адамдары мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы аракеттенүү менен, тиешелүү укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтер жок болгон шартта эс алуу багытындагы объектилердин мыйзамсыз курулушуна көмөк көрсөтүшкөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Бакай-Ата токой чарбасынын жетекчиси К.Э.М. кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы эскертет: мамлекеттик органдардагы коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө, ага тиешеси бар адамдардын кызмат ордуна жана макамына карабастан, катуу бөгөт коюлат.

Тектеш кабарлар

Back to top button