Коом

Ошто биринчи муниципалдык Жаштар борбору ачылды

Бүгүн, 3- июнда Ош шаарында биринчи муниципалдык Жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык борбор БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен курулду. 3 кабаттуу имаратта тил курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат, лидерлик класстары, конференц-зал иштейт. «Арууке» бий ансамбли да ушул жерге жайгашты.

Ачылыш аземине катышкан мэр Жанар Акаев учурда шаарда 13 жаңы сквер курулуп жатканын айтып, ОшМУ, ОшТУ жана ОшКУУнун архитектура-дизайн багытындагы студенттерин 3 скверди өздөрү долбоорлоп ишке ашырууга чакырды.

«Бул силер үчүн практика, тажрыйба. Демилге көтөрүп, шаарды өнүктүрүүгө салым кошкула. Мэрия колдойт», — деди мэр.

Тектеш кабарлар

Back to top button