Саясат

Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамын бекитти

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) жаңы курамын бекитти.

Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге кыскартылган.

Жаңы курам тең бөлүштүрүү принциби менен түзүлдү: төрт талапкерди президент сунуштаса, дагы төртөө парламенттик квота аркылуу шайланды.

Мурунку курамдан жаңы курамга болгону эки адам өттү — БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров жана Суйунбек Касмамбетов.

Жаңыланган курамга төмөнкүлөр кирди:

Алмаз Айбалаев

Руслан Жакышов

Миргүл Темирбаева

Бодош Мамырова

Тынчтыкбек Шайназаров

Суйунбек Касмамбетов

Лейла Лурова

Тимур Оторбаев.

Жаңы курамдагы сегиз мүчөнүн төртөө буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

Тектеш кабарлар

Back to top button