Коом

Ажылык сапарын өтөгөн зыяратчылардын алгачкы тобу келди

Ажылык сапарын өтөгөн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу мекенине аман-эсен кайтып келди. Бул тууралуу Муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, Медина — Бишкек багыты боюнча аткарылган каттам менен Кыргызстанга 340 ажы келсе, Жидда — Ош каттамы аркылуу дагы 180 зыяратчы кайтып келди.

Бишкек шаарында ажыларды муфтийдин орун басарлары Шакир ажы Маматов менен Рафаил ажы Татиков, Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле алардын туугандары жана жакындары тосуп алышты. Аларды Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз кары Закиров коштоп келди.

Муфтий кайтып келген ажыларды ыйык ажылык ибадатын ийгиликтүү аткарып келгендиги менен куттуктап, калган зыяратчылар да аман-эсен мекенине кайтып, үй-бүлөлөрү менен жолугушат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде ажылар ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жана Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, сапардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти.

Быйыл Кыргызстан үчүн ажылыкка 6 миң 60 адамга квота бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button