Чехиядагы парламенттик шайлоодо АНО кыймылы жеңип чыкты

Чехия парламентинин төмөнкү палатасына болгон шайлоодо мурдагы премьер-министр Андрей Бабиш жетектеген ANO кыймылы жеңишке жеткенин статистикалык мекеме билдирди.
Эки күндүк добуш берүү ишемби күнү жыйынтыкталып, шайлоочулардын 68,95% катышты.
«АНО кыймылы 34,51% добушка ээ болуп, 1 миллион 940 миң 507 шайлоочу добуш берди», — деп айтылат билдирүүдө.
Башка жыйынтыктар:
Азыркы премьер-министр Петр Фиала жетектеген SPOLU («Бирге») коалициясы 23,36% добуш алды;
STAN («Мэрлер жана көз карандысыздар») кыймылы 11,23% алды;
Чехиянын каракчылар партиясы 8,97% алды;
SPD («Эркиндик жана түз демократия») кыймылы 7,78% алды;
“Автомобильчилер” кыймылы 6,77% алды.
Калган 20 саясий күч 5%дик босогодон өтө алган жок. Фиала белгилегендей, шайлоо Чехиянын Батышка карай жыларын же чыгышка буруларын аныктайт.



