Ким Чен Ын: Түндүк Корея өзөктүк материалдарды өндүрүүнү эки эсе көбөйттү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын акыркы беш жыл ичинде өзөктүк курал жасоого жарактуу материалдарды өндүрүү көлөмү эки эседен ашык көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик Кореянын Борбордук телеграф агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын мындай билдирүүнү өзөктүк материалдарды өндүрүүчү жаңы ишкананы кыдыруу учурунда жасаган. Ал ошондой эле өлкөнүн аскердик өзөктүк потенциалын кеңейтүү боюнча масштабдуу пландар бар экенин айтып, мамлекеттин өзөктүк күчтөрүн «экспоненциалдуу ылдамдыкта» өнүктүрүү максаты коюлганын белгилеген.
Апрель айында Эл аралык атомдук энергия агенттиги Түндүк Кореянын өзөктүк курал өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейгенин билдирген.
Агенттиктин маалыматы боюнча, өлкөнүн карамагында ондогон өзөктүк дүрмөттөр бар.Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк жана ракета программалары үчүн көп жылдан бери эл аралык санкциялардын алдында турат. Өлкө жетекчилиги өзөктүк куралдан баш тартпай турганын бир нече жолу билдирип, аны АКШ жана анын өнөктөштөрү тарабынан болушу мүмкүн болгон коркунучтарды токтотуучу фактор катары баалап келет.
Белгилей кетсек, Түндүк Корея 2006-жылы биринчи өзөктүк сыноосун өткөргөн. Ал эми 2009-жылдан бери МАГАТЭнин инспекторлору өлкөдөгү өзөктүк объектилерге кире албай келишет.



