Дүйнө

Бүгүн кечинде Жерде күчтүү жана узакка созулган магниттик бороон башталат

Жерде бүгүн кечинде күчтүү жана узакка созулган G3 деңгээлиндеги магниттик бороон башталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Күн астрономиясы лабораториясы маалымдаганын РИА Новости жазды.

Окумуштуулардын маалыматына ылайык, кечээ Күндө катталган бир катар күчтүү жарылуулардын натыйжасында Жерди көздөй ыргытылган эки же үч плазма булуту бүгүн биздин планетага жетет.

Адистер биринчи жана акыркы жарылуулардын ортосунда дээрлик 10 саат айырма болгонуна карабастан, магниттик бороон үзгүлтүксүз мүнөздө болорун айтышууда. Себеби кийинки плазма агымдары мурда чыккан булуттарды кууп жетип, узундугу болжол менен 200 миллион чакырымга жеткен бирдиктүү түзүлүштү пайда кылат.

«Күндөн атылып чыккан газ булуту бизди көздөй түз келе жаткандыктан Жердин андан качып кутулушу мүмкүн эмес (математикалык эсептөөлөр боюнча, качып кетүү мүмкүнчүлүгү нөлгө барабар). Бирок иш жүзүндө мындай толкундар Жерди кыйгап өтүп кеткен учурлар да болгон», — дешти окумуштуулар.

Тектеш кабарлар

Back to top button