Малайзияда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга катталууга тыюу салынды

Малайзияда 1-июндан тартып 16 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарда аккаунт ачууга тыюу салынды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Чектөөлөр ири платформаларга, анын ичинде facebook.com, instagram.com, tiktok.com жана youtube.com тармактарына тиешелүү. Компаниялар жаңы колдонуучулардын жашын мамлекеттик маалымат базалары аркылуу текшерүүгө милдеттүү. Талаптарды бузган учурда аларга 10 миллион ринггитке чейин (болжол менен 2,5 миллион доллар) айып пул салынат.
Бийлик өкүлдөрү балдарга интернетти жана технологияларды колдонууга жалпы түрдө тыюу салынбаганын белгилешти. Чектөөлөр жашы жете электерди зыяндуу контенттен коргоо максатында киргизилүүдө. Ошондой эле бул норма платформалардын, ата-энелердин жана камкорчулардын балдардын интернеттеги коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
Социалдык тармактардын администрациялары буга чейин катталган колдонуучулардын жашын алты айдын ичинде текшерип чыгууга тийиш.
Интернетте кооптуу материалдардын көбөйүшүнөн кийин Малайзия санариптик платформаларды жөнгө салууну катаалдаштырды. Чектөөгө расалык же диний кастыкты козутуучу деп эсептелген контенттер, ошондой эле монархияны сынга алган материалдар да кирет.



