Коом

Баткенде алгачкы мамлекеттик томограф ишке кирди

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борбору өз каражатынын эсебинен компьютердик томография аппаратын сатып алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул аппарат облустагы мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун өз каражатына сатып алынган мындай деңгээлдеги алгачкы жабдуу болуп саналат.

«Жаңы жабдуунун пайдаланууга берилиши региондун калкы үчүн заманбап диагностикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, ар түрдүү ооруларды өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет. Мында аппараттан өтүүнүн баасы жеке менчик медициналык уюмдарга салыштырмалуу төмөн болот. Бул жогорку технологиялуу диагностиканы Баткен облусунун тургундары үчүн дагы жеткиликтүү кылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Кадамжай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томограф орнотулган. Бирок ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында алынган.

Тектеш кабарлар

Back to top button