Коом

Бишкекте Киев көчөсүндөгү айрым кесилиштерде кыймыл убактылуу чектелет

Бишкек шаарында Киев көчөсүнүн айрым кесилиштеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында «Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу боюнча оңдоо иштерин баштайт.

Ошентип, 2026-жылдын 15-июнунан 15-августуна чейин Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду кесип өткөн жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу оңдоо иштеринин мезгилинде кесилиштер этап-этабы менен жарым-жартылай жабылат. Ар бир кесилиште иштер аяктагандан кийин кийинкиси жабылып турат.

Мындан тышкары, Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2027-жылы диаметри 700 мм болгон магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо пландалууда. Учурда долбоордук документация даярдалууда.

Бул долбоор шаардагы жылуулук инфраструктурасын мындан ары жаңылоо иштеринин алкагында ишке ашырылат.

Мэриядан билдиришкендей, ар бир кесилиштин жабылуу мөөнөтү жана графиги тууралуу маалымат кошумча берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button