Коом
Новопокровка айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Новопокровка айылында эки күн газ болбойт. Бул тууралуу «Чүйгаз» кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 15-16-июнь күндөрү Новопокровка айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
«Чүйгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.



