Коом

УКМК: “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун “Каракол жана Түп” ячейкасынын активдүү мүчөлөрү жашаган жерлерде тинтүү жүргүзүлдү

Бул тууралуу УКМКнын  Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 22-декабрында КР УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун “Каракол жана Түп” ячейкасынын активдүү мүчөлөрү Х.Р.К., Т.М.С., Ж.М.Б., С.К.М., К.М.Б жана А.У.Б. аттуу КР жарандарынын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында ар кандай брошюралар, диний мүнөздөгү блокноттор, ошондой эле уюлдук телефондор табылган, алар аркылуу “Хизбут-Тахрирдин” экстремисттик материалдарын таратуу фактылары жана Россиянын ФСБсы тарабынан жок кылынган “Саид Бурятскийдин” террористтик мүнөздөгү видеочакыруулары табылды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button