Коом

Бишкекте 20 кесилиште оңго бурулууга уруксат берилет

Бишкек шаарында Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде бир нече кошумча оңго бурулуштарды ачуу пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Бул кесилиште унаалар үчүн Абдрахманов көчөсүнө чыга турган оңго бурулуш уюштурулат. Ошондой эле Абдрахманов көчөсү менен түштүк багытты көздөй бара жаткан унаалар үчүн дагы бир оңго бурулуш ачылат. Бул үчүн электр мамысын жана LED-экранды демонтаждоого туура келет. Учурдагы жол кеңейтилип, магистралга ыңгайлуу чыгуу камсыздалат.

Мындан тышкары, түштүктөн чыгышты көздөй оңго бурулууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алиевдин айтымында, учурда Бишкекте мындай оңго бурулуштарга уруксат берилген төрт кесилиш бар. Мисалы, Некрасов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши.

Ал кошумча оңго бурулуштарды уюштуруу төрт-алты тилкелүү кең жолдордо гана мүмкүн экенин белгиледи.

Жалпысынан быйыл Бишкектеги 20 кесилиште оңго бурулууга уруксат берүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button