«Коопсуз өлкө» камералары скутер жана мопед айдоочуларынын жүзүн тааныйт

Скутер жана мопед айдоочуларына «Коопсуз өлкө» камералары жүздөрдү да тааный ала тургандыгы эскертилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, коомдук жайлардагы камералар сутка бою үзгүлтүксүз иштеп, жол эрежелерин бузган учурларды автоматтык түрдө каттап турат. Ошондой эле видеокөзөмөл системалары мыйзам бузууларды аныктоо менен катар жүздөрдү таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
«Азыркы тапта скутер, мопед жана башка эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, жолдордо кооптуу абалдарды жаратып жаткан учурлар көбөйүүдө. Мындай аракеттер өздөрүнүн гана эмес, башка айдоочулардын жана жөө адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаратат», — деп айтылат маалыматта.ЖКККББ скутер жана мопед айдоочуларын жол эрежелерин так сактоого чакырды.



