Коом

УКМК чек ара кызматы менен биргеликте трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК жана Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу алкагында Ош облусунда Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн жарандарынан турган трансчек аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Аталган топ өлкө аймагынан айыл чарба малдарын мыйзамсыз алып чыгып, аларды коңшу мамлекеттин аймагында сатуу үчүн туруктуу схеманы уюштурган.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 22-июнунда Ош облусунун Араван районундагы чек арага жакын аймакта 229 баш айыл чарба малын ири көлөмдө мыйзамсыз алып чыгууга аракет жасалып жаткан учурда аталган кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына камалды.

Жогоруда аталган жарандар айыл чарба малдарын өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынганына карабастан, жеке пайда табуу максатында, алдын ала сүйлөшүп алып жана жашыруундук чараларын сактоо менен системалуу түрдө Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба малдарын мыйзамсыз алып чыгуу менен алектенип келишкен.

Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 4-бөлүгү (трансчек аралык топ тарабынан жасалган экономикалык аткезчилик) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button