Мэрия: Бишкекте жеке унааларды колдонууга тыюу салынбайт

Президенттин «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын коомдук талкууга коюлган долбоорунда жеке унааларды колдонууга чектөө же тыюу салуу каралган эмес. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
«Долбоорго тиркелген негиздеме-маалым каттагы маалыматтар талдоо жана маалымат берүү максатында гана берилген. Анда борбор калаанын транспорт системасындагы көйгөйлөр, кыйынчылыктар жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер айтылган. Бирок алар долбоордогу талаптар болуп саналбайт. Анын негизги максаты — Бишкектин жол-транспорт системасын өнүктүрүү. Бул үчүн 2026–2030-жылдарга карата шаардын жол-транспорт системасын өнүктүрүүнүн комплекстүү планы иштелип чыкмакчы», — деп айтылат билдирүүдө.
Мэрия белгилегендей, план жол инфраструктурасын жакшыртууга, коомдук транспорттун ишин өркүндөтүүгө жана жол кыймылын башкарууда заманбап технологияларды колдонууга багытталат.
«Каралган чаралар жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.



