Кыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону көздөөдө

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасындагы Пакистандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазира Ханды кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда негизги көңүл Пакистандын рыногуна төө буурчак экспорттоо маселесине бурулду. Кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен пакистандык импорттоочулардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, эки тараптуу соода көргөзмөлөрүн уюштурууга жана аларга катышууга, ошондой эле жеткирүүнүн көлөмдөрү менен шарттарын так аныктоого өзгөчө маани берилди.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, төө буурчактын экспорттук потенциалы 50 миң тоннадан ашат. Ошол эле учурда кыргыз төө буурчагына чет өлкөлүк рыноктордо туруктуу суроо-талап бар. Алсак, 2025-жылы төө буурчактын экспортунун жалпы көлөмү 67 миллион долларды түзгөн.
Бул максатка жетүү үчүн тараптар азыртан тартып кыргызстандык айыл чарба продукциясын Пакистандын рыногуна жеткирүү боюнча иштерди активдештирүүгө жана өз ара сооданы кеңейтүү боюнча биргелешкен практикалык аракеттерди баштоого макулдашышты.



