Президент: Өлкөнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизгендерге катуу чаралар көрүлөт

Өлкөнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген адамдарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын экинчи сессиясынын ачылышында президент Садыр Жапаров билдирди.
Ал коомдогу кырдаалды атайылап туруксуздаштырган жана жарандарды адаштырган адамдарга карата чара көрүү зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы коомдук ишмерлерди, депутаттарды, эксперттерди, журналисттерди жана блогерлерди коомчулукка жасаган билдирүүлөрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
Жапаровдун айтымында, интернеттин тездик менен өнүгүп жаткан доорунда такталбаган маалыматтарды таратуу олуттуу көйгөйгө айланууда. Ошол эле учурда президент далилдүү жана негиздүү фактыларга таянган терс көрүнүштөр жана коррупция тууралуу маалыматтар өлкө жетекчилигине жардам бере аларын белгиледи.
«Мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылгандарды, өзгөчө коррупцияга тиешеси бар адамдарды аёосуз жазалайбыз», — деди ал.
Муну менен катар мамлекет башчысы демократияны жоопкерчиликсиз жүрүм-турумду актоо үчүн калкалоо катары колдонууга жол берилбестигин баса белгиледи.
«Мындай адамдарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт», — деди Жапаров.
Президент өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган демилгелерди колдоого, ал эми тартипти бузуп, коомдогу кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылгандарды жоопкерчиликке тартууга чакырды.



