Коом
Бишкекте автобустардын тилкесинде менчик унаалардын жүрүшүнө уруксат берилет

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерди колдонуу тартиби өзгөрүп, атайын бир мезгилде менчик машиналар жүрүүгө уруксат берилет.
Жаңы графикке ылайык, жеке автоунаалар бөлүнгөн тилкелерди түнкүсүн жана дем алыш күндөрү колдоно алат.
Тагыраагы, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке транспорттун кирүүсүнө тыюу салынса, кечки саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин жол ачык болот. Ал эми ишемби жана жекшембиде жеңил автокөлүктөр бул тилкелерде эч кандай чектөөсүз жүрө алышат.
Бул эреже жол кыймылын жөнгө салган схемаларга өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү жол белгилери орнотулгандан кийин расмий түрдө күчүнө кирет. Тартиптин сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын тилкелерде үзгүлтүксүз рейддер жүргүзүлүп турат.



