Коом

9-10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленет

Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 9-10-октябрда бир катар салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык программада улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер жана айтыш уюштурулат.

10-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында юбилейге арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Ошондой эле Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта майрамдык көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button