Коом

Сотто Элдар Жакыпбековго байланыштуу иш боюнча алдын ала угуу өтөт

Бугүн, 23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКдагы коррупция тууралуу кылмыш иши боюнча алдын ала угуу өтөт.

Райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, кылмыш ишинин материалдарында мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар болгондуктан, отурум жабык режимде өткөрүлөт.

Иште УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков, анын кол алдындагы кызматкерлер жана башка фигуранттар өтүүдө. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча айып тагылган. Алар №21 тергөө абагында камакта отурушат

Тектеш кабарлар

Back to top button