Коом

25 жыл илгери төрөтканага таштап кеткен апасын уулу издейт

Адамдын жашоосунда, тагдырында нелер гана болбойт. Өзүн Нурбек деп тааныштырган 25 жаштагы жигит биологиялык апасын издеп Abal.kg сайтына кайрылды.  Мындан 25 жыл илгери апасы аны төрөп, ошол жерге калтырып кеткенин  Нурбек эми гана угуптур. Кантсе да өз энемди издеп көрөйүнчү балким табылып калар деген илгери үмүт менен окуянын таржымалын айтып берди.

— Мен 1994-жылы төрөлгөм. Кочкор районундагы айылдардын биринде чоңоюп, өстүм. Ошол 1994-жылы 4- же 5- августта төрөлгөн экенмин. Менин өзүмдүн документим боюнча 25-август деп жазылып жүрөт. Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде төрөлүптүрмүн. Мен төрөлөөр замат мени төрөгөн апам  ошол жерге таштап кеткен экен.  Өзүмдүн апам ошол 1994-жылы 16-17 жаштарда болушу мүмкүн деп айтылат.  Азыр эсептесем апам 1975-76-жылкы болушу мүмкүн деп божомолдоп атам. Өзүмдүн баккан ата-энем бар. Бирок баккан  апам каза болуп калды. Мен  ал үйдө өгөй  бала эмес, өз баладай эле чоңойдум, а түгүл ушул жашка чыкканы бакма бала экенимди да билген эмесмин. Азыр ошол бир туугандарым менен катышам.  Ошентсе да мени төрөп, таштап кеткен биологиялык апама жолугуп, көргүм келет.

— Бакма бала экениңди кантип билдиң, сага ким айтты, ушунча убакытка чейин ошол бакма апаңды төрөдү деп ишенип жашадың да?

— Азыр мен 25  жаштамын, мен бакма бала экенимди эми гана уктум. Биринчи укканда абдан таң калдым. Мен үч бир туугандын кичүүсүмүн.  Менин бакма бала экенимди өзүмдүн ата-энем, бир туугандарымдан уккан жокмун. Укканыма караганда Бишкек шаарында жашаган таекем төрөтканадан мени чыгарып алып, өзү багып алмак экен.  Бирок апам биз багып алалы деп алыптыр. Ал таекем каза болуп калган, ошол таекемдин балдарынан уктум, менин бакма бала экенимди. Өзүмдүн бакма апам да каза болуп калган, атамдан, бир туугандарымдан сурай алган жокмун, алардын жүрөгүн ооруткум келген жок.  Себеби, чоңоюп алып өзүнүн апасын издеп, таап кетип калбасын деген ойдо болбосун дедим. Бирок укканыма караганда бакма ата-энем деле менин биологиялык апамдын аты-жөнү тууралуу так маалыматты билишпейт дейт. Мени төрөгөн апам төрөтканага аты-жөнүн, фамилиясын жана жашын эле жазып таштап кетиптир. Ошол кезде ал апамдын жашы 16-17 жаштарда болсо керек. Таекемдин ошол төрөтканада орус досу ушундай дени сак, жакшынакай бала төрөлдү, энеси таштап кетти, багып албайсыңбы деп сунушган экен. Ал досу  кийинчерээк Москвага көчүп кетиптир, анын азыр бар-жогу да белгисиз.

— Эгер сен өзүңдү төрөгөн апаңды таптың дейли, жолуксаң эмнени сурагың келет, же аны күнөөлөйсүңбү?

-Мени төрөп таштап кеткен апама таарынычым деле жок. Кудайга шүгүр, азыр бир туугандарым, үй-бүлөм, бала-чакам бар. Болгону ал эмне себептен таштап кетти болду экен, ошону билгим келет. Балким 16-17 жаштагы жаш кыз болсо жаңылып-жазгандыр, адашкандыр.  Ага жолуксам эмне суроолорду беришти да билбейм, жолуксам кандай  болот деп да элестете албайм. Анткени,  мени төрөгөнү гана болбосо мен аны деле ойлобойм, күнөөлөбөйм дагы. Мени баккан ата-энемдин эле баласымын деп эсептейм.  Болгону эле  өзмдүн биологиялык апамды көргүм келет, атам ким болгон аны да билгим келет. Балким, ал деле эне эмеспи, мени ойлоп, анда-санда эстейт чыгаар… Балким издегендир…

-Азыр каякта жашайсын, эмне иш кыласың?

-Бишкек шаарында жашайм, үй-бүлөлүүмүн, эки балам бар, учурда укук коргоо органдарында иштейм.

P.S. Эгер Нурбектин апасы тууралуу маалымат билсеңиздер 0555373502 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button