Коом
Соцфонд 2022-жылдын январь-февраль айларында 12,5 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди
2022-жылдын январь-февраль айларында 12 миң 585 жаранга пенсия дайындалып чектелди жана кайра эсептелинди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен, 2022-жылы февраль айында 4 миң 114 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1191 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.



