Дүйнө

Коронавирус жуктуруп алганын жашыргандар өлүм жазасына тартылат

Кытайда коронавирусун жуктуруп алганын жашыргандарды, бейтаптын абалы тууралуу туура эмес маалымат тараткандарды өлүм жазасына тартуу чечими кабыл алынды.

Андан тышкары, саякаттап келгенин да ачыктабай койгон аракеттерди кылмыш деп эсептемей болду. Ооруп, аны башкаларга жуктуруп жайылткан бейтап эми коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан адам катары таанылып, кеминде 10 жылга кесилгенден тарта өмүр бою эркинен ажыратылат. Андан сырткары, өлүм жазасы да каралган.

Ошондон улам Кытайда учак, поезд жана автобус менен жүрүүгө тыюу салынды. Эпидемия пайда болгон аймактан келгендер эки жума карантинде болушу шарт. Андан баш тарткандар да жазаланат.

Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 70 548 миң. Анын ичинен 10 844 киши сакайып, 1770и көз жумду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button