Дүйнө

Венесуэлада күчү 7,5 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды

24-июнда Венесуэлада биринин артынан бири күчтүү жер титирөөлөр катталып, алгач 7,2 баллдык, андан кийин 7,5 баллдык силкинүү болгон. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн батыш бөлүгүндө жайгашып, силкинүүлөр борбор шаар Каракас баштаган кеңири аймактарда сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча турак жайлар жана инфраструктура жабыркап, транспорттун ишинде үзгүлтүктөр жаралган. Каракаста куткаруучулар урандылардын астында калган адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) кызыл деңгээлдеги эскертүү жарыялап, адам өмүрүнүн жоготуулары жана ири экономикалык чыгымдар болушу мүмкүн экенин билдирген.

Алгач Пуэрто-Рико жана Виргин аралдары үчүн цунами коркунучу жарыяланган, бирок кийинчерээк бул эскертүү жокко чыгарылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button