Саясат
Вице-премьерлер менен өзгөчө кырдаалдар министри ант берди

Эки вице-премьер Эркин Асрандиев менен Акрам Мадумаров жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров президенттин жана депутаттардын алдында Жогорку Кеңеште ант берди.
Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн буга дейре парламент жактырып, колдогон.
Асрандиев бул күнгө чейин орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келсе, Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болчу. Өзгөчө кырдаалдар министри болгон Аскаров вице-премьер болчу.
Abal.kg



