Окуялар

Атасы бычактаган өспүрүмдүн абалы оор

Кечээ Бишкекте аялын бычактап өлтүрүп, баласын жарадар кылгандан кийин өз жанын кыйган адам тууралуу окуяны Октябрь райондук ИИБден маалымат тараган эле.

6-ноябрда түшкө жуук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо жашаган үй-бүлөдө жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден бычакталган аялды, ваннадан кишинин сөөгүн табышкан. Анын денесинде өзүнө-өзү кол салуунун белгиси болгон. Көз жумган жубайлардын 10 жаштагы уулу шаардык үчүнчү ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин маалыматына таянсак, баланын көкүрөгүнө сайылган бычак далысынан тешип чыккан, азыр абалы өтө оор. Учурда бала жандандыруучу бөлүмдө жатат. Бала жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып,  өз алдынча дем алууда. Көзүн ачып, кичинеден сүлөп жатат. Бирок абалы оор боюнча калууда.

Бул иш тууралуу иликтөө иштери башталганын кабарлады ИИМ Басма сөз кызматы.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button