Жазгы суук жандан өтөт. Март айында аба-ырайы кандай болот?
10-мартта Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
12-мартта күндүз жана 13-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
14-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жана 14-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Кыргызгидромет борборунун билдиргенине таянсак, март айы жаан-чачындуу ай болушу күтүлөт. Учурда түнкүсүн абанын температурасы минусту көргөзүп атса, марттын онунан кийин түнкүсүн +1 болуп башталып, андан ары аба-ырайы жылуу боло баштайт. Март айынын аягына чейин күндүз +20, түнкүсүн +10 градуска чейин жетиши ыктымал.
Abal.kg