Коом

УКМК: Суусамыр-Талас-Тараз автожолун оңдоодо 10 миллион сомдон ашык каражат зыян келтиргендер аныкталды

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактысы аныкталды.

КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Талас районунун аймагында «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды.

Тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр — Талас — Тараз автожолунун айрым участокторунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда,   мамлекетке 10 миллион сомдон ашык келтирилген зыян аныкталды.

 Азыркы учурда, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тийешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button