Өмүрбек Бабанов коронавирус менен күрөшүүгө 5 миллион сом бөлгөнүн жазды

Учурда Кыргызстандагы коронавирус тууралуу абалга байланыштуу Өмүрбек Бабанов “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына өлкөгө жардам берип жатканы тууралуу жарыялады.
“Урматтуу Кыргызстандыктар!
Биздин өлкөбүз, дүйнө жүзү бул коркунучтуу оору менен алышууга аргасыз.
Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат!
Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек!
Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек.
Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик, анын ичинен баатыр дарыгерлерибиз үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерибизге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат.
Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз!!!
Улуу Жараткан Алла бизге жана бүткүл адамзатына ушул сыноодон өтүүгө жардам берсин!
Урматым менен, Өмүрбек Бабанов
Abal.kg