Коом
25 жоокердин ийинин лейтенант жылдыздары кооздоду

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 25 жоокерине офицердик наамдар ыйгарылды.
Булар жогорку билими жөнүндөгү дипломдору бар жоокерлер. Аскердик кызматка 2021-жылдын күзүндө чакырылып, кызматтык жана айлык офицердик курстарды аяктагандан кийин «лейтенант» аскердик наамы менен запаска которулушту.
Ак жол жигиттер!





