Коом

Кыргызстандын кайсы аймагында ун арзан?

Улуттук статистика комитети негизги азык-түлүктүн баасын күн сайын талдап жатат. Ал боюнча 26-мартта жогорку сорттогу ундун баасы килограмманына 42,81 сомду түздү. Марттын башында мындай ундун бир килосу 42,07 сомду түзгөн.

Жогорку сорттогу ундун баасы эң кымбат баада Ноокат шаарында сатылууда. Бул жактагылар анын килограммын 51,82 сомдон сатып алышат. Ош менен Токмок шаарларында дагы ун кымбат, бул жакта 50 сомдон болууда.

Жогорку сорттогу ун эң арзан Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында. Жергиликтүүлөр аны 35,78 сомдон алса болот. Жумгалдын Чаек айылында дагы ун арзан, бул жакта 36 сомдон.

Бишкекте жогорку сорттогу ундун килограммы 39,8 сом болууда.
Улуттук статистика комитети негизги азык-түлүктүн баасын күн сайын талдоону улантат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button