Коом
Коронавирус. Өзбекстанда бир адам көз жумду

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган улгайган киши көз жумду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү ММКларды жазды.
Жаран COVID-19 илдетин 12-март күнү Түркиядан келген кызынан жуктуруп алган.
“Бейтап буга чейин кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу бир топ илдеттен дарыланып жүргөн. Ал бүгүн, 27-мартта, таңкы саат 4:30да инфаркт алып көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
72 жаштагы жаран ооруканага 26-март күнү түшкөн. Ошол эле күнү саат 23:00дө лабораториянын анализдери анын коронавирус жуктуруп алганын көрсөткөн. Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы факт 15-мартта аныкталган. Бүгүн бүл өлкөдө оору жуктургандардын саны 83кө жетти.
Abal.kg



