Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова 13 жылга түрмөгө кесилди

Бир нече кылмыштар боюнча айыпталып, 217-жылдан бери түрмөдө олтурган Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова 13 жылга түрмөгө кесилди. Бул тууралуу Starhit.ru маалымат агенттиги кабарлады.
2015-жылы Гүлнара Каримовага бир нече ири компаниянын активдерин тартып алганы, салык жана бажы мыйзамдарын көптөгөн жолу бузганы, кылмыштуу арам кирешелерди адалдаганы боюнча төргөө иштери башталган.

2017-жылдын аягында Гүлнара катышкан дагы бир нече кылмыш иштери каралган. Анда сот анын кесилүү мөөнөтүн он жылга чейин узарткан. Бирок, кийин эки эсе кыскарткан. Андан соң Гүлнара Каримова кылмыштуу уюм түзгөнү, күчкө салып тартып алуунуну ишке ашырганы, уурдоо жана арам акчаны адалдоо сыяктуу кылмыштарды жасаганына айыпталган.

Эми Өзбекстандын масалык маалымдоочу каражаттары Гүлнара Каримованы 13 жыл төрт айга кесүүгө өкүм чыкканын маалымдашты.
Abal.kg



