Маданият

Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги каарманына эстелик орнотулду

Будапештте Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин каарманына эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлиги билдирди.

Эстелик шаардын XXII районундагы DunaFok Szabadidőpark эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин демилгеси менен орнотулду.

Долбоордун негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын эл аралык деңгээлде жайылтуу жана Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2028-жылы эл аралык деңгээлде белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата даярдык иштерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button