УКМК: Терроризмге каршы коргонуу жаатында окутуу иш-чарасы өткөрүлдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 25-июнь күнү УКМКнын Антитеррордук борбору тарабынан, Ички иштер министрлигинин көмөгү астында коомдук коопсуздук жана күзөт кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкек шаардык ИИББсынын имаратында “Кыргызстан кайтаруу жана детективдик ишканаларынын уюму” Коомунун мүчөлөрү жана байкоочуларына карата окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара учурунда, жеке кайтаруу агенттиктердин өкүлдөрүнө “Стратегиялык объектилерде коопсуздукту камсыздоо”, “Терроризм жана экстремизм. Терроризм коркунучу жаралган учурдагы аракеттердин алгоритми”, “Куралга уруксат берүү” жана лицензиялоо тууралуу презентациялар жана баяндамалар жеткирилди.

Соңку мезгилде адам көп чогулган жайларда, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө жарандардын ден-соолугуна жана өмүрүнө түрдүү коркунучтар жаралып, кайтаруу агенттиктеринин кызматкерлеринен сергектик жана ыкчам аракеттер талап кылынаары белгиленди.
Аталган иш-чарада, түндүк аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 50дөн ашуун кайтаруу жана детективдик агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга, жардыргыч зат жөнүндө билдирүү түшкөн, же болбосо террористтик кол салуу коркунучу пайда болгон учурда аракеттердин алгоритми боюнча УКМКнын антитеррордук борбору тарабынан даярдалган “Колдонмо жана эскертме” (Памятка) таркатылып берилди.

Ошондой эле катышуучулар тарабынан, тыгыз кызматташуу боюнча сунуштар айтылып, биргелешкен иш-чараларды байма-бай өткөрүү демилгеси колдоого алынды.

Ушундай эле иш-чара, өлкөнүн түштүк аймагында да өткөрүлмөкчү.



