Коом

1-июлдан тарта Орусияга кирүү үчүн «Госуслуги RuID» аркылуу алдын ала арыз берүү шарт

1-июлдан тартып чет өлкөлүктөр, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, Орусияга кирүүдө «Госуслуги RuID» тиркемесин колдонууга милдеттүү болушат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Орусияга иштөө, окуу же башка максат менен бара жаткан кыргызстандыктар өлкөгө кирерден кеминде 72 саат мурун аталган тиркеме аркылуу электрондук арыз тапшырышы керек.

Арыз жактырылгандан кийин берилген QR-кодду чек ара көзөмөлүнөн өткөндө көрсөтүү зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда, мисалы, жакын тууганы оор абалда болсо же каза болсо, арызды өлкөгө кирерден 4 сааттан кечиктирбей тапшырууга уруксат берилет.6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн арызды ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү берет. Бирок алардын өздөрүндө да Орусияга кирүүгө жарактуу уруксаты болушу шарт.

«Госуслуги RuID» тиркемесин App Store, Google Play, RuStore жана AppGallery платформаларынан жүктөп алууга болот. Тиркеме былтыр эле чыгарылып, ушул убакка чейин эксперименттик режимде колдонулуп келген.

Тектеш кабарлар

Back to top button