Окуялар

Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, ичинде үч эркектин сөөгү табылды

Кемин районунда адам өлүмү менен коштолгон кырсык катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Подгорный айылында «Audi C4» үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин 7 куткаруучусу жана ИИМдин 6 кызматкери барган.

«Куткаруу иштеринин жыйынтыгы чөгүп кеткен унаа крандын жардамы менен суудан чыгарылып, ичинен 3 эркектин сөөгү табылды. Маркумдардын аты-жөндөрү такталууда, сөөктөр милицияга өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button