Коом

АКШда коронавирус жуктурган 8 кыргыз жараны бар

Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда билдирди.

«Бириккен Араб Эмиратында үчөө болчу, бир киши айыгып чыкты, Пакистанда жети, Индияда бир, Испанияда бир студент, Малайзияда дин мекемесинде окуган төрт студенттин бирөө сакайып, үчөө жакында ооруканадан чыгат. Ал эми АКШда 8 кыргызстандык коронавирус жуктурган деп шектелүүдө», — деди Ниязалиев.экенин белгиледи.

Министрдин орун басарынын айтымында, дүйшөмбү күнү Екатеринбургдан чартердик каттам менен 17 кыргызстандык келгенин кошумчалады. Экспресс-тесттин натыйжасында аларда коронавирус бар экенин көрсөткөн, азыр акыркы анализдин жыйынтыгы күтүлүүдө.

Андан сырткары, 6-апрель күнү Казакстандан жүк ташып иштеп коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандык алып келинди. Алар дарылануусун Кыргызстандан улантмакчы.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button