Окуялар

Бишкекте ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Б.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн ИИМдин, УКМКнын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр интернет аркылуу байланышып, жабырлануучунун банктагы каражаттарын уурдоо коркунучу бар экенин айтып ишендиришкен. Алар жабырлануучуну акчасын накталай чыгарып, «коопсуз эсептерге» которууга көндүрүшкөн. Натыйжада ал 20 миң АКШ долларынан жана 1 миллион сомдон ажыраган. Акча каражаттары Бишкектеги терминалдар аркылуу которулган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр катары 2004-жылы туулган А.М. жана 2006-жылы туулган А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кошумча далилдерди чогултуу боюнча иштер улантылууда.

Милиция эскертет: укук коргоо органдарынын, банктардын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери эч качан телефон аркылуу акчаны «коопсуз эсептерге» которууну талап кылышпайт. Мындай чалуулар түшсө, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, жеке маалыматтарды, банк карталарынын реквизиттерин жана SMS-коддорду эч кимге бербеңиз. Зарыл болсо 102 кызматына кайрылыңыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button