Коом
Кыргызстандын түштүгүндө COVID-19га массалык тестирлөө өткөрүлөт
Медиктердин атайын мобилдүү тобу түштүктө массалык тестирлөө өткөрөт, деп кыргыз өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн администрациясы 26-апрелде билдирген. Бул туурасында Красная Весна маалымат агенттиги маалымдады.
Медиктер Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунун жашоочуларынын ичинен коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондордун баарын тестирлөөдөн өткөрүшөт.
Кыргыз өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, байланышта болгондордун баарын тапмайынча вирустун жайылышын токтотуу мүмкүн эмес деп айтты. «Иштин натыйжасы тууралуу күн сайын жумуш аяктаарда мага доклад берип турушат», — деди Жылкыбаев.
Abal.kg