Пандемияга байланыштуу Кыргызстан чет жактан канча млн каражат алды? Кайда жумшалып жатат(видео)

Пандемия учурунда жалпысынан тышкы жардамдарды атап өтсөк социалдык тармактарда ар кандай суммалар айтылып жатат. Бүгүнкү күндө аныкталган, макулдашылган сумманын жалпы көлөмү 456 миллион доллар. Ушул сумма сырткы донор парнтерлор менен сүйлөшүлгөн. Ал эми Кыргызстанга азыркы тапта келип түшкөн сумма 120 миллион доллар. Бул дүйнөлүк валюта фондунан келип түшкөн. КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев сырттан келген миллион доллар каражаттар кайда багытталарын айтып берди.
«Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) боюнча дагы экинчи транш бар, ал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Экинчи транш менен да 120 млн. доллар которулушу керек. Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 120 млн. долларынын 100 миллиону бюджетти колдоого жумшалса, 20 млн. доллар саламаттыкты сактоонун линиясы менен пайдаланылат.
Дүйнөлүк банк (ДБ) 12,15 млн. доллар бөлүүдө. Макулдашуу ратификациядан өткөн. Дүйнөлүк банк экинчи транш менен 9 млн. доллар берет. Бул каражаттардын баары тендердин шарты боюнча саламаттыкты сактоого багытталат. Канча коргоочу кийимдер, ИВЛ аппараттары керектиги донорлор менен макулдашылган. Бул жагынан алар катуу көзөмөлгө алышууда. Тендерлер мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзам боюнча эмес, алардын шарттары боюнча өткөрүлөт.
Дүйнөлүк банктын 9 млн. доллары боюнча тендер аягына чыгарылды. Дүйнөлүк банк менен макулдашуучу комиссия жеңүүчүнү аныкташы зарыл. 9 миллионго медикаменттер менен жабдуулар гана сатылып алынат.
Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) саламаттыкты сактоо секторуна 15 млн. доллар бөлгөнү жатат. Европа бирлиги (ЕБ) 28,3 млн. долларды бюджетти колдоого берип атса, немец өнүктүрүү банкы (KfW) 30,4 млн. долларды фермерлерди колдоого, азык түлүк коопсуздугун камсыз кылууга бөлүүдө. Эл аралык валюта фондунун линиясындагы каражаттын бир бөлүгү пайызсыз насыя, экинчи бөлүгү жеңилдетилген шартта берилет. Азия өнүктүрүү банкы жарым каражатты гранттык жардам иретинде берет», – деп белгиледи Эркин Асрандиев.
Ал эми видеодо Эркин Асрандиевдин Кыргызстанга чет жактан келген донорлор тууралуу баяндамасын көрүңүз:
Abal.kg