Коом
Бишкекте тургундарга тынчтык бербеген унаалар кармалууда

Шаар тургундарына тынчтык бербеген унаалар кармалууда. Бул тууралу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан шаар тургундарына тынчтык бербей, катуу үндөр менен дарылдатып жүргөн айдоочу аныкталып, кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орноткондугу үчүн 5500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулган.



