Коом

Кайгуул милиция: башка унаанын жолун тосуп токтосоңуз номериңизди таштаңыз

Бишкектин Кайгуул милициясы айдоочулардын башка унаанын жолун тосуп токтотуп койсо сөзсүз өзүнүн машинасына телефон номерин калтырып кетүүгө чакырды.

Ведомство Ноорузга карата көк бөрү боюнча өтүп жаткан республикалык турнирде «Аккула» ат майданынын айланасындагы кырдаалды мисал келтирди. Айдоочулар унаасын туш келди жерге калтырып кете бергенин айтып, жол инспекторлоруна арызданган учурлар болууда.

Кайгуул милиция туура эмес жерлерге автоунаа койбоого чакырды. Эгер айла жок токтотуш керек болуп калса, ары жактан чыгып жаткан айдоочу чалып чакырыш үчүн телефон номерин жазып коюуну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button