2000 сомдук тест-анализ Суракматовдун демилгесиби? Оорудан пайда издеген мэрдин кызыкчылыгы эмнеде

Коронавирус илдетин текшерүү үчүн анализге 2000 сом төлөө керектигин уккан коомчулук нааразычылыгын билдирип, Өкмөткө наалат айтып атышкан эле. Эл иштебей тамак-ашка араң акча таап жатканда кымбат анализди тапшыра алышмак беле деген нааразычылыктары күч алган. Көрсө бул демилге Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго тиешелүү экендиги тууралуу маалымат тарады.
Фейсбукта Соvid-19 Bishkek баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жазылды:
“Азиз Суракматовдун элге кылган кыянаттык демилгеси! Оорудан пайда издеген мэр.
Кечээ, вице-мэр
Кузнецова «ар бир жарандан ПЦР анализ алыш керек, анын баасы
2000 сом» деп сүйлөп, демилге алып чыкты. Бул демилге элдин нааразычылыгын
жаратты. Карантин убагында эч ким иштеген жок, кантип төлөйбүз деп нааразы
болуп жатышат. Суракматов мындай демилгени көтөрүп, аны өзү айтпай вице-мэрге
айттырып, суудан кургак чыккысы келип жатат.
Эл бул демилгени колдобойт, эч кимдин мүмкүнчүлүгү дагы жок.
Мэрия акыркы убакта кыжырга тийген аракеттерди гана кылып жатат. Жакында эле
Суракматовдун кеңешчиси жаңы конушта жашаган жакыр үй-бүлөлөрдү сөккөн. Эми
мынтип элди мажбурлап текшерүүдөн өткөрүп, 2000 сомдон кагып алалы деп жатышат.
Суракматов негизи керт башын ойлогон эле киши экен. Байкасаңар, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактарга биринчи курулуш иштерин кошту. Себеби, анын «Елизавета» деген курулуш компаниясы бар. Өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жүрөт.
Келгиле, Суракматовду кетсин дейли, кеңешчиси экөө тең эсирип көпкөн, жөнөкөй элдин тагдырын уруп ойнобогон немелер экен!
#Суракматов_ыраазы_болсун! деп жазышты баракчага.

Ал эми текшерүү тесттин 2000 сом болгонуна нааразы болгон элдин саны арбын. Журналист Эльмира Мадиева да бул боюнча өз пикирин Фейсбук баракчасына жазды:
“Коронавирусту карата,
элдин көчөгө көп чыгып кетпешин көзөмөл кылабыз- деген шылтоо менен эми
пропусктан тышкары вируска тапшырган анализдин ( ПРЦ жана экспресс-тест)
жыйынтыгын көрсөткөн справка көрсөтүлүш керек- деген мэриянын тагыраак айтканда
мэр А. Суракматовдун демилгеси силерге жактыбы?
Бул идеясын өзү айткандан качып, вице- мэри Кузнецованын оозу менен айттырды.
Мэр
элдин баарын өзүндөй бай көрөт окшойт э? Элдин баарынын эле аныкындай курулуш
обьектилери жок да. Баса, ушул жерден айта кетчү нерсе: мэр курулуш обьектилерин курууга
уруксатты деле өзүнүн бизнесине карап берген окшойт…
Тиги тапшырган анализдин жыйынтыгы бир эле чыкканга жарабасын мэр билбейт го.
Ошондо көчөгө чыккан сайын анализ тапшыра берсек эмнебиз калат?!
Жардам кылып тараткан азык- түлүктөрүн беш эсе кылып кайтарып ала турган методду
тапкан экен! Бизнесмен барыбир бизнесмендигин кылат деген чын. Мэрдин укмуштай
бизнес- идеясын Өкмөттүкү деп тушунуп алып, эки күндөн бери сөгүп атабыз. А
мындай пикирди угуп, окуп туруп, деп мэр өзү
баш, советниги Гуля Алмамбетова төш
болуп, » эй идея алардыкы эмес, биздики» деп коюшкан жок. Болбосо,
силер үчүн иштеп атып чарчадык- деп эси оогон сүрөттөрүн бат- баттан чыгарып,
фейсбукта эле отурушчу…Эки күндөн бери нааразы болгон элдин пикирин окушпаса,
анда чындап эле көздөрүн май басыптыр!”- деп жазды
Чындыгында коронавирус илдетин текшерүү үчүн тест-анализге 2000 сом төлөө демилгесине коомчулук нааразычылыгын Өкмөткө билдирип аткан эле. Эми минтип бул демилге Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго тиешелүү деген маалымат чыгып жатат.
Буга Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эмне деп жооп берет болду экен…
Abal.kg