Коом

Коронавирус. 500гө чукул адам жуктуруп, дагы 8 бейтап каза тапты.Статистика

Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус дагы 477 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча:

Бишкекте – 255,
Ош шаарында – 8,
Чүй облусунда – 155,
Ош облусунда – 3,
Талас облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 28,
Нарын облусунда – 9,
Жалал-Абад облусунда – 14.

Ал эми бир сутка ичинде 270 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 497 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 191 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1057 бейтаптын абалы орто оордукта, 362 адамдын абалы оор жана 72 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 436 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 363 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп кошумчалады министрдин биринчи орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 95 миң 752 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 461 киши айыгып чыкса, 1 миң 612 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button