Саясат

«COVID-19» илдети менен алышкан медкызматкерлердин компенсациясына бюджеттен 50 млн сом каражат бөлүнөт

Кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда «COVID-19» инфекциясын жугузуп алган жана анын кесепетинен каза тапкан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөөгө республикалык бюджеттен 50 млн сом каражат бөлүнөтТийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган буйруктун негизинде төмөнкүлөргө бир жолку акчалай компенсация бекитилген:

— өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда «COVID-19» коронавирус инфекциясын жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;

— өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда «COVID-19» коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө. 

Бир жолку акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп,  кызматтык териштирүүнүн негизинде конкреттүү медициналык жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Abal.kg 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button